Кыргызстанга синтетикалык баңгизат ташып келүүгө шектелип, жети жаран кармалдыКыргызстандын төрт облусунда уруксатсыз таштанды төгүү жайларына көзөмөл күчөтүлөтКыргызстанда жерлерди тариздөө жана алып коюу эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаБишкекте «Мажар эл жомоктору» анимациялык сериалынын көргөзмөсү өтөтХарри Кейн «Алтын топту» утуп, Дембеле, Мбаппе жана Холандды артта калтырдыЖапониялык компаниялар Кыргызстандагы сурьмага жана кремнийге кызыгышты
Мектепке электрондук кабыл алуунун экинчи этабы башталды
27.06.2022 | 10:33
27-июнда саат 9:00дөн баштап мектепке электрондук кабыл алуунун экинчи этабы башталды. Бул жолу ата-энелердин жашаган жерине карабай бош орундар бар мектептер жеткиликтүү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Мектептин кичи районунда жашаган ата-энелер мыйзамдуу жашаган жери боюнча каттоодон өтүшү керек.
Ал эми «Мектепке электрондук кабыл алуу» АИСинде катталган ата-энелер каалаган окуу жайда дагы бош орундар болсо, жеке кабинети аркылуу мектепти алмаштырууга мүмкүнчүлүгү бар.
Каттоодон өтүү үчүн бул жерди басыңыз.
Эгерде түшүнүксүз суроолор болсо, техникалык колдоо номерлерине кайрылуу керек: 0312 98 89 40, 119.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим