Бишкекте Айкөл Манаска арналган жаңы монумент ачылдыСадыр Жапаров Эңилчек айылына барып, жашоочулар менен жолугуштуКыргызстан менен Казакстандын Тышкы Иштер Министрлери стратегиялык кызматташтыкты талкуулаштыНоокендеги айыл өкмөт башчысы коррупцияга шектелип кармалдыЫсык-Көлдө масштабдуу ILBIRS FEST 2025 экологиялык фестивалы өтөтЫсык-Көлдө инвестициялар талкууланат: Кыргызстан менен Германия ири бизнес-форум өткөрөт
Валюта рыногунда бир доллар 79,5 сомдон сатып алынууда
28.06.2022 | 12:36
2022-жылдын 27-июнунда Кыргызстандын банктары банктар аралык валюта тооруктарында 7 миллион 975 миң долларды сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.
Бүтүм жасалган күндөгү эсептешүүлөрдүн суммасы 2 миллион долларды, ал эми бүтүм түзүлгөн күндөн башкача күндөгү эсептешүүлөр менен 5 миллион 975 миң долларды түздү.
Ачылыш жана жабуу курсу 1 доллар үчүн 79,5 сомду түздү. Мындай курс менен америкалык валюта акыркы жолу 22-июнда сатылган.
Эске салсак, 24-июндагы аукциондо банктар акыркы алты айдагы рекорддук сумманы — 66 миллион 350 миң долларды сатып алышкан. Андан кийин ачылыш курсу 1 доллар үчүн 79,52 сом, жабылуу курсу 1 доллар үчүн 79,5 сом деп белгиленген.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика