Өлкөдө күн кайрадан жылыйт: 19-ноябрга карата аба ырайынын божомолуКыргызстанда алгачкы венчурдук фонддордун бири — SCP Venture Fund ишин баштадыКара-Суу районунда декабрда жаңы базар курула баштайт — ТуманбаевУКМК баңгизат ташуу каналын уюштурган топту аныктап, бир жаранды кармадыБаатыр энелердин пенсиясына үстөк акы 1 миңден 5 миң сомго чейин көбөйөтОшМУ менен Италиянын Кассино жана Түштүк Лацио университети кызматташат
Валюта рыногунда бир доллар 79,5 сомдон сатып алынууда
28.06.2022 | 12:36
2022-жылдын 27-июнунда Кыргызстандын банктары банктар аралык валюта тооруктарында 7 миллион 975 миң долларды сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.
Бүтүм жасалган күндөгү эсептешүүлөрдүн суммасы 2 миллион долларды, ал эми бүтүм түзүлгөн күндөн башкача күндөгү эсептешүүлөр менен 5 миллион 975 миң долларды түздү.
Ачылыш жана жабуу курсу 1 доллар үчүн 79,5 сомду түздү. Мындай курс менен америкалык валюта акыркы жолу 22-июнда сатылган.
Эске салсак, 24-июндагы аукциондо банктар акыркы алты айдагы рекорддук сумманы — 66 миллион 350 миң долларды сатып алышкан. Андан кийин ачылыш курсу 1 доллар үчүн 79,52 сом, жабылуу курсу 1 доллар үчүн 79,5 сом деп белгиленген.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика