Депутат онлайн-нотариус киргизүүнү сунуштады

Депутат онлайн-нотариус киргизүүнү сунуштады

Бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинде депутат Марлен Маматалиев санариптештирүүнүн алкагында онлайн-нотариусту киргизүүнү сунуштады.

Жыйында “Нотариат жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралып жаткан. Баяндама жасаган юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков белгилегендей, мыйзам долбоору укуктардын корголушун жана жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктары камсыздоо үчүн нотариат институтун реформалоо, калкка көрсөтүлүүчү нотариалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу жана аларды алуунун  жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, элдин нотариатка болгон ишенимин бекемдөө жана анын имиджин жакшыртуу максатында иштелип чыккан.

Талкуу маалында депутат Улан Примов Кыргызстандын Нотариалдык палатасынын өкүлдөрү тарабынан жеке нотариустардын ишмердүүлүгүн текшерүү, алардын лицензияларын жокко чыгаруу, жеке нотариустардын кесиптик даярдыгын жогорулатуу жана мыйзам бузуулар боюнча даттанууларды кароо жаатындагы маселелерге токтолду.

Ал эми депутат Марлен Маматалиев санариптештирүүнүн алкагында онлайн-нотариусту киргизүү механизмдери боюнча маселени көтөрүп, биринчи кезекте эмгек мигранттарынын онлайн нотариалдык кызмат алуусуна мүмкүнчүлүк түзүү керектигин белгиледи.

Ошондой эле депутат Чыңгыз Ажыбаев нотариустар арасында аттестациялоо жана документтерди архивде сактоо маселесине көңүл буруу зарылчылыгын кошумчалады.

 

Тэги: нотариус

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>