Ысык-Көл облусунда 7 жаштагы бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызмты билдирди.
Маалыматка караганда, Түп районунун Ынтымак айылында көлгө 2015-жылы туулган С.К. аттуу жаш бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Куткаруучулар жерине жеткенге чейин жергиликтүү тургундар баланы суудан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Тез жардам кызматы баланын каза болгондугун тастыктаган. Жерине 4 куткаруучу тартылган.