Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Кримтөбөл Дөө-Чыңгызды кармоо жана ок атышуу болгон эмес, – УКМК
09.07.2022 | 10:26
УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрүнүн кылмыштуу аракеттерине бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда бул иштин алкагында 2022-жылдын 8-июлунда Чүй облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлдү.
“Айрым массалык маалымат каражаттарында жарыяланган Чынгыз Жумагуловду кармоо жана анын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен атышуу болгондугу тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт”, – деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин 8-июль күнү кечинде Бишкекте кримтөбөл Дөө-Чыңгыз отурган унаага ок атылганы маалымдалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом