Ош шаарында дээрлик 70 гектар жерге агро өнөр жай комплекси курулатКыргызстанга документтери жок 400 граммга жакын алтын жана 2 кг күмүш алып кирүүгө аракет кылышкан«Биз Амирчикти өлкөгө кайтардык» — орусиялык композитор Виктор ДробышЯпония Кыргызстанга 3,5 млн долларлык жол куруу техникасын берет2027-жылдан тарта Кыргызстанда инфляцияны ооздуктоо боюнча мамлекеттик программа иштей баштайтАчык аба ырайы жана +23°Cге чейин жылыйт: 20-октябрга карата аба ырайы
Кримтөбөл Дөө-Чыңгыздын унаасы Бишкекте аткыланды
08.07.2022 | 21:06
8-июль күнү кечинде Бишкекте кримтөбөл Дөө-Чыңгыз отурган унаага ок атылган. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына өздүк булактар билдирди.
Маалыматка караганда, Көк-Жар айылындагы Карагул Акмат көчөсүндө (7-апрель көчөсүнүн уландысы) “Панорамага” бурула бериш жеринде Фрунзе супермаркетинин алдында Дөө-Чынгыз отурган унаа токтоп турган.
Алдын ала маалымат боюнча, кримавторитет өз балдары менен белгисиз адамдар менен жолугушууга келген, бирок натыйжада атышуу болгон.
Маалыматтар боюнча, атышуу учурунда бир адам жарадар болуп, Дөө-Чыңгыздын унаасына ок тийген. Атышуунун бардык катышуучулары окуя болгон жерден качып кетишкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар