Таластын дин кызматкерлери футбол мелдешине түштү
Талас облусунда дин кызматкерлери арасында футбол боюнча турнир өткөрүлдү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, турнир 8-июлда облустук мусулмандарынын казыяты тарабынан уюштурулуп, ал Усейн Мизраимовдун жана Майрам Казакбаевдин жаркын элестерине арналды.
Спорттук иш-чара маркумдарга куран окуу менен башталып, облустун казысы жана Кара-Буура районунун имамы маркумдардын жасаган иштерин эскеришти.
Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Бакай-Ата районунун командасы ээлесе, 2-орун казыяттын командасы берилди. Ал эми 3-орунду Талас районунун командасы алды.
[image_carousel source=”media: 143164,143165,143166,143167,143168,143169″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]