Борбор Азия лидерлери Жапаровду жана кыргыз элин куттукташты

Борбор Азия лидерлери Жапаровду жана кыргыз элин куттукташты

Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Ислам үммөтү үчүн улуу майрам баалуулуктардын, жакшылыктын, ыймандын жана адилеттиктин болуп көрбөгөндөй көрүнүшү катары мусулмандардын руханий казынасында өзгөчө орунду ээлейт. Кайрымдуулук менен ырайымдуулукту чагылдырган бул Курбан айт дүйнөгө жылуулук тартуулап, элдерибиздин ынтымагын арттырсын».

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин куттуктаоосу:

«Бүткүл дүйнө мусулмандары үчүн достуктун, сабырдуулуктун, боорукердиктин жана кең пейилдиктин символу болгон ыйык Курбан Айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, эң жакшы каалоолорумду жолдогонума чексиз кубанычтамын. Бул ыйык күн тарыхы, тили, дини жана маданияты жалпы бир тууган элдерибиздин ортосундагы туугандык байланыштарды чагылдырат. Биздин биргелешкен умтулууларыбыздын аркасында тарыхый тамыры терең өзбек жана кыргыз элдеринин ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелер акыркы жылдары таптакыр жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлгөнүн канааттануу менен белгилегим келет. Күчтүү саясий эрк, жалпы күч-аракеттер жана алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги байланыштар менен биз Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн духунда өз ара пайдалуу мамилелерди кеңейтип, дос элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да чыңдай аларыбыз шексиз».

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун президентти жана кыргыз элин куттуктоосу:

«Куттуу Курбан Байрам (Ид Аль-Адха Аль-Мубарак) майрамы менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз. Бул ыйык майрам мындан ары да бүткүл мусулман коомчулугунун биримдигин, өз ара сый-урматын, тилектештигин жана тынчтыгын чыңдоого салым кошот деп терең ишенем».

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Сизге жана Кыргызстандын дос элине жаркыраган Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктоолорубузду жана жакшы каалоолорубузду айтууга абдан кубанычтамын. Бүткүл дүйнө мусулмандары үчүн куттуу болгон бул майрам эзелтен бери гуманизмдин жогорку идеяларын символдоштуруп, бизди ар тараптуу өнүктүрүүгө, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достукту жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана чыңдоого дайыма үндөп келет. Биргелешкен күч-аракеттердин аркасында биз бул жолдо мындан ары да жаңы ийгиликтерге жетишебиз жана элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык, тажик-кыргыз ынак коңшулук мамилелерин мындан да жогорку деңгээлге көтөрөрүбүзгө ишенем”.

Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовдун куттуктоосу:

«Куттуу Курман айт майрамы менен сиздерге чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду жолдогонума абдан кубанычтамын. Кудуреттүү Алладан сизге жана жалпы мусулман үммөтүнө анын берекесин беришин сураймын. Баардык жакшы тилектериңиздерди, кылган амалдарыңыздарды Жараткан кабыл кылсын. Сизге чың ден соолук, узун өмүр жана бакыт-таалай, ал эми бир тууган Кыргызстан элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>