Укук коргоочу Камиль Рузиев Караколдо акча опузалоого шектелип кармалдыМаданият министринин орун басары алмаштыКызыл-Кыяда алдамчылыкка шектелген жаран Бишкектен кармалдыБалыкчы шаарындагы мал базар мамлекетке кайтарылдыТокмокто Ислам академиясы ачылдыТамак-аштагы курттар. Бишкектеги мектепте ызы-чуу чыкты
Бишкекте кылмышкерлер банкты тоноп кетишти
26.11.2019 | 12:33
Бишкектеги Юнусалиев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги банктардын биринин филиалын кылмышкерлер тоноп кетишти. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, окуя 26-ноябрь күнү эрте менен болгон.
Алдын ала маалыматка ылайык, куралчан эки киши банктын күзөтчүсүн сабап, андан соң кассадагы акчаны алып изин жашырып кеткен.
Учурда милиция кылмышкерлерди кармоо үчүн “Перехват” планын жарыялады.
Kaktus.media басылмасынын маалыматына караганда кылмышкерлер “ЭкоИсламикБанктын” филиалын тоноп кетишкен. Азырынча каракталган акчанын суммасы белгисиз.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар