Кыргызстандын финансы секторунун кардарларынын саны 26 миллиондон аштыТүркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жубайы менен Кыргызстанга келдиСадыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугуштуПакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстанга келдиСадыр Жапаров менен Нарендра Моди кыргыз-индус кызматташтыгын талкуулаштыСадыр Жапаров алгачкы жолу Лаостун президенти Тхонглун Сисулит менен жолугушту
Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан 5 адам каза болду
26.11.2019 | 11:35
Бишкек-Ош жолунун 163-чакырымында жол кырсыгы катталып, 5 киши каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 25-ноябрда саат 00:20 чамасында катталган. Анда «Хонда» жана «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Жол кырсыгынан жалпы 13 адам жабыркап, аларды 4 жеринен мерт кетсе, 1 тез жардам унаасында жан берген. Учурда бир адам Жайыл районундагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.
«Учурда Жайыл райондук оорукананын травматология бөлүмүндө 3 жаркат алган адам жатат. Алардын абалы дарыгерлер тарабынан туруктуу оор деп бааланууда. Ал эми 4 адам амбулатордук дарылануудан кийин үйлөрүнө чыгарылды», – деп жазылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар