Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү
09.07.2022 | 21:16
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу багыттары жана эки тараптуу мамилелердин келечеги талкууланды.
Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктап, Түркия лидери менен анын жакындарына ден соолук жана бакубатчылык, ал эми боордош түрк элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.
Өз кезегинде Режеп Тайип Эрдоган дагы Садыр Жапаровду ыйык Курман айт майрамы менен куттуктап жана боордош кыргыз элине эң жакшы каалоо-тилектерин билдирди.
Мындан тышкары, тараптар жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом