Дүйнөдөгү эң кымбат жана эң арзан шаарлар аныкталды. Бишкек канчанчы орунда?

Дүйнөдөгү эң кымбат жана эң арзан шаарлар аныкталды. Бишкек канчанчы орунда?

2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча жашоосу кымбат шаарлардын рейтингинде Бермурд аралдарынын борбору — Гамильтон биринчи орунду ээледи. Изилдөөнүн жыйынтыктарын Numbeo кызматынын сайтында жарыяланды.

Эң кымбат шаарлардын тизмесинде Базель шаары 2-орунду, Цюрих 3-орунду ээледи. Биринчи ондукка Цуг, Лозанна, Берн, Женева, Гонолулу, Санта-Барбара жана Нью-Йорк шаарлары кирди.

Тизмеге жалпы 510 шаар киргизилген. Россиянын борбору Москва шаары тизмеде 287-орунду, Санкт-Петербург 279-орунду ээлеген.

Ал эми Бишкек тизмеден 477-орунду алса, Нур-Султан шаары – 475 орунду, ал эми Ташкент 465-орунду ээлеген.

Бул тизмеден эң акыркы орунду Пакистандын Пешавар шаары ээлеп, жашоосу эң арзан шаар деп табылды.

Эң акыркы ондукка Пакистандын Фейсалабад, Мултан, Равалпинди, Исламабад, Карачи, Лахор шаарлары жана Колумбиянын Букараманга, Индиянын Коимбатур, Ченнаи, Кочи шаарлары кирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Рейтинг

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>