Киши өлтүрүп эл аралык издөөдөгү кыргызстандык Москвадан кармалдыШайлоо. Адылбек Касымалиев республикалык штабдын биринчи отурумун өткөрдүЭмне үчүн Афганистан-Пакистан кагылышуусу чек ара чатагынан олуттууракСадыр Жапаров Реми Дюфлону кабыл алды: Кыргызстан – Европа Биримдиги менен кызматташууну чыңдоого даярОоганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүлдүБыйыл Кытай менен АКШнын ортосунда соода жүгүртүү 14,4%га азайган
Кадамжайда дарыяга түшүп кеткен 10 жаштагы бала изделүүдө
13.07.2022 | 09:36
Кадамжай районунда дарыяга түшүп кеткен 10 жаштагы бала изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 12-июнь күнү Майдан айыл аймагынын Кереге-Таш айылында 2012-жылы туулган Т.А. аттуу жаш бала Исфайрам-Сай дарыясына түшүп кеткен.
Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 8 куткаруучу тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иши убактылуу токтотулган.
Издөө иштери 13-июль күнү улантылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом