Ысык-Көлгө Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери келет

18.07.2022 | 07:54

Чолпон-Ата шаарында 21-июлда Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин консультативдик IV жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Буга чейин президенттин маалымат кызматы аталган аймактагы мамлекеттердин лидерлери иш-чарага чакырылгандыгын кабарлаган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ жетекчилеринин сүйлөшүүсүндө башка маселелер менен катар эле аталган коңшу мамлекеттин башчысы Шавкат Мирзиёевдин катышуусу боюнча да кеп болгон.

Scroll to Top