Бишкекте эки кыздын үйүнө кирип, зордуктоого аракет кылган адам кармалды

Бишкекте эки кыздын үйүнө кирип, зордуктоого аракет кылган адам кармалды

Бишкек шаарында эки кыздын үйүнө кирип, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

«15-июлда милицияга арыз менен А.И. жана Б.Д. аттуу жарандар кайрылып, белгисиз адамга чара көрүүнү өтүнүшкөн. Шектүү арыз жазган эки кыздын үйүнө түнкүсүн кирип, аны байкап калышкандыктан ал качып кетүүгө аракет кылган. Бир жыл мурун ошол эле адам, алардын үйүнө кирип, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого аракет кылганы белгилүү болгон», — деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү тургундар 30 жаштагы адамды кармап, милицияга өткөрүп беришкен.

«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмыш ишин козгобоо боюнча чечим кабыл алынды. Материалдар Ленин РИИБге өткөрүлгөн. Ленин райондук соту аны күнөөлүү деп таап, аны үч күн камакка алуу чечимин чыгарган», — деп билдиришти милициядан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>