Өкмөт көмүрдү унаа менен сыртка ташып чыгууга алты айга тыюу салдыСадыр Жапаров Пакистандын парламентинин жетекчилери менен жолугуштуБишкектеги Айтматов проспектисинде үч жаңы жер астындагы өтмөк курулатБишкек абанын булганышы боюнча 20-орунду ээледиКыргызстан үчүн деңизге чыгууга жол ачылат. Кыргызстан менен Пакистан дагы кандай документтерге кол койдуСаясат, экономика, энергетика: Жапаров менен Пакистандын премьер-министри кыргыз-пакистан кызматташтыгын талкуулашты
Тарых музейи Эрмитаж менен кызматташат
21.07.2022 | 09:17
Кыргызстандын Улуттук тарых музейи Эрмитаж (Россия) менен кызматташат. Бул тууралуу Мамлекеттик Эрмитаждын Чыгыш бөлүмүнүн Борбор Азия секторунун башчысы Павел Луринин Бишкекке болгон иш сапарынын жыйынтыгында белгилүү болду.
Эки өлкөнүн окумуштуулары биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, экспозицияларды жана башка иш-чараларды уюштурууга ниеттенүүдө.
Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова белгилегендей, алар буга чейин орусиялык кесиптештер менен кызматташып келген, ал эми иш сапарда жүргөндө россиялык кесиптештерге чогуу иштешүүнү сунуштаган.
Павел Лури Тарых музейине орусиялык окумуштуулар 2021-жылы Кыргызстанда жүргүзгөн экспедициялык талаа изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары камтылган коллекцияны тапшырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы