Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште: жиктелүү коркунучу, УКМКдан келген «кураторлор» жана ипотекаКыргызстан мунайды жана мунай продуктуларын ЕАЭБден тышкары чыгарууга тыюу салуу эрежелерин өзгөрттүБишкектеги «Буффет» ашканасында массалык уулануу болдуКыргызстандан канаттуулардын этин экспорттоо эки эсеге өстү: негизги сатып алуучулар — ЕАЭБ өлкөлөрүЭрулан Кокулов президентке министрлердин депутаттарды кабыл албай жатканына даттандыТүштүктүк түндүккө, түндүкдүк түштүккө барат: Президент студенттер ротация болорун жарыялады
Эл аралык турнирде кыргызстандык футболчу кыздар коло байге утушту
21.07.2022 | 11:59
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы CAFA Women’s Championship эл аралык турниринин коло байге ээси болду. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзу билдирди.
Байгелүү орундардын жыйынтыгы акыркы оюн күнү чечилди.
Үчүнчү орун үчүн беттеште Кыргызстан Тажикстанды утуп алса, алтын медаль үчүн күрөштө Өзбекстандын командасы күчтүү болуп чыкты – 1:0.
Натыйжалар:
1-орун – Өзбекстан (12 упай)
2-орун – Иран (9 упай)
3-орун – Кыргызстан (4 упай)
Fair play сыйлыгы Иран командасына ыйгарылды. Атайын сыйлыкты Түркмөнстан командасы алды.
Турнир Душанбеде өттү.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт