Таластын тургуну “Йакын Инкар” экстремисттик уюмунан чыкты

Таластын тургуну “Йакын Инкар” экстремисттик уюмунан чыкты

Талас облусунун тургуну “Йакын Инкар” диний экстремисттик агымдын идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК диний-экстремистик жана эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүн алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-аракеттердин алкагында, Кыргызстандын аймагында тыюу салынган “Йакын Инкар” ДЭАнын мүчөлөрүн жана тарапташтарын ынандыруу боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында Талас облусунун Талас районунун тургуну Б.Д.Ж. тандап алган диний багытынын туура эмес экенин түшүнүү менен кабыл алып, экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды “Йакын Инкар” ДЭАнын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.

Б.Д.Ж. “Йакын Инкар” ДЭАнын активдүү мүчөсү катары өзүнүн миссионердик билдирүүсүндө медициналык мекемелердин кызматынан (эмдөөдөн) баш тартууга, бийликтин жана расмий дин кызматкерлеринин административдик документтерин тааныбоого чакырып, ошондой эле башка диний агымдардын өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүн сынга алган.

Учурда УКМК тарабынан “Йакын Инкар” ДЭАнын жана башка диний-экстремисттик агымдардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле калк арасында алдын алуу иш-чаралары улантылууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>