Ысык-Көлдө таяке менен жээндин урушу өлүм менен аяктады

Ысык-Көлдө таяке менен жээндин урушу өлүм менен аяктады

Ысык-Көл облусунда таякесин өлтүрүүгө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 19-июль күнү Жети-Өгүз РИИБге Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан билдирүү түшүп, анда болжол менен саат 22:20 чамаларында көкүрөк тушка бычак менен сайылган 32 жаштагы Аң-Өстөн айылынын тургуну ооруканага түшкөндүгү маалымдалган. Жабыркаган жаран эсине келбей ооруканадан каза болгону да маалым болгон.

Маалымат райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу кечиктирилбестен жиберилген. Күбөлөрдүн милиция кызматкерлерине берген көрсөтмөлөрү боюнча бычакталган айылдашын айылдын ичинен табышкан жана дароо ооруканага алып барышкан. Ошондой эле, аны акыркы жолу жээни менен көргөндөрүн жана жээни кызуу абалында жабырлануучу менен бир нерсе жөнүндө талашып жаткандыгын кошумчалашкан.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, райондук милициянын кылмыш иликтөө кызматкерлери эртеси изин суутпай каза болгон жарандын жээнин, 45 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Т.А.ны кармашып, тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Алгачкы сурак жүргүзүү учурунда, ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алды жана андан кылмышка далил зат катары ашкана бычагы алынды.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 122 (Адам өлтүрүү) беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда. Кылмышка шектүү, соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча Жети-Өгүз РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>