Бүгүн, 21-июлда Чолпон-Ата шаарында жол кырсыгы катталды. Бул туралуу Reporter.kg басылмасына күбөлөр билдиришти.
Маалым болгондой, жол кырсык саат 16:50 чамасында катталган.
Анда шаардын борбордук көчөсүндө эки жеңил унаа кагышкан. Учурда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүүдө.
“Унаалар көп болгондуктан жана кыймылга убактылуу чектөө киргизилгендиктен тыгын жаралган”, — дешти алар.