Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында малинанын килограммы 150 сомдон сатылууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
Алардын айтымында, Ысык-Көл районундагы айылдардан дыйкандар Чолпон-Ата шаарынын борбордук базарына келип сатып кетишет.
“Кичинекей чакадагы малина 1500 сом болсо, 1 килограммын 150 сомдон сатып жатабыз. Эгер чоң чака болсо анда 2250 сомго болот. Жаңы терилген малина жана карагатты кыям жасоо үчүн бат эле алып кетишет. Карагаттын килограммы дагы 150 сомдон сатылууда”, — дешти тургундар.