Руслан Суйналиев финансы министри болуп дайындалды. Президент кол койдуКыргызстан дүйнөгө баратат: заманбап тейлөө жаратуу менен өзгөчөлүктү кантип сактап калуу керек?Кытайга биринчи жолу Кыргызстандын жүгөрүсү экспорттолдуБакыт Төрөбаев КР президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болдуОш шаарында 26 жаштагы эне төрт эм төрөдү19-мартка карата аба ырайы
Беларустун президенти Лукашенко Кыргызстанга келди
27.11.2019 | 20:30
Беларустун президенти Александр Лукашенко Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
«Манас» эл аралык аэропортунан аны Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
ЖККУнун жыйыны 28-ноябрда Кыргызстандын төрагалыгы астында өтөт.
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму – «тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө» максатын көздөгөн эл аралык уюм.
Ага Кыргызстан, Тажикстан, Орусия, Армения, Беларус, Казакстан мүчө.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат