Кыргызстанда «40 райондон – 40 демилге» долбоору ишке кирет
«40 райондон – 40 демилге» долбоору боюнча Кыргызстандын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоо тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин кезектеги кеңешмесинде кабыл алынды.
Маалыматка караганда, «40 райондон – 40 демилге» инновациялык демилгелерди тандоо долбоору Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин демилгеси менен иштелип чыккан.
«40 райондон – 40 демилге» долбоору өлкөнүн региондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн экономиканы, илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарында инновациялык долбоорлорду стимулдаштырууга жана илгерилетүүгө багытталган.
«40 райондон – 40 демилге» долбоору боюнча иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоону ведомстволор аралык комиссия ишке ашырат.
Аталган долбоордун алкагында иштелип чыккан 8 жакын инновациялык демилге республикалык бюджеттен каржыланат деп болжолдонууда.
Буга катар тандалып алынган бир инновациялык демилгени ишке ашырууга 1 млн сомго чейин акча каражатын республикалык бюдлжеттен бөлүү чечими кабыл алынды.
[image_carousel source=”media: 146452,146453,146454″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]