Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев өз каалоосу менен кызматтан кеттиАкыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин 4 балалуу энеге 151 миң сом алимент өндүрүлдүЭкономика өсүш менен башталды, бирок баалар да калышпайт. 2026-жылдын январь айынын корутундусуКыргызстандын жана Россиянын энергетиктери Жогорку Нарын ГЭС каскады долбоору боюнча кадамдарды белгилешти«Ала-Арча» паркына курулган жаңы асма жол расмий түрдө ачылдыБишкек Брюсселдин бутасында: Евробиримдик Кыргызстанга санкция киргизиши мүмкүнбү?
Мектеп директорлор сынагына каалоочулар тест тапшыра алышат
29.07.2022 | 15:32
Мектеп директорлорду тандоо сынагына жана бош кызмат орундарына талапкерлер жана каалаган ар бир адам катыша алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Министрлик талапкерлер 60 пайыздан жогору балл топтошу керектигин эскертти.
Сынакка байланыштуу суроолор боюнча: 0505110108, 0556110107, 0755112237, 0778112238 телефондоруна кайрылса болот.
Эске салсак, президенттин жарлыгына ылайык, жаңы окуу жылынын башталышына карата 966 мектепте директорлор алмашышы керек, анткени алар 5 жылдан ашык иштеген.
Жалпысынан Кыргызстанда 2333 мектеп бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим