Бишкектин улгайган тургуну телефон алдамчыларына жыйырма эки миллион сомдон ашык каражат которгонУКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталды
Бишкек: Акча алмаштыруучу жайларда доллар дээрлик жокко эсе
01.08.2022 | 22:15
Акча алмаштыруу жайларда накталай доллардын жетишсиздиги байкалууда. Америка валютасынын тартыштыгы өткөн аптада боло баштаган.
Моссоветтеги көпчүлүк акча алмаштыруучу жайларында доллар сатылбай жатат. Кээ бир кассалардан майда купюраларды жана мөөр басылган банкнотторду табууга болот.
Мындан тышкары, айрым алмаштыруучулар долларды 85 сомдон сатып алууну сунуштап жатышат.
Белгилеп кетсек, коммерциялык банктарда накталай доллардын тартыштыгы акыркы бир нече айдан бери байкалган. Буга байланыштуу алар накталай долларды алуу боюнча комиссия жана аларды сатып алууга чектөө киргизишкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика