Ош шаарында дээрлик 70 гектар жерге агро өнөр жай комплекси курулатКыргызстанга документтери жок 400 граммга жакын алтын жана 2 кг күмүш алып кирүүгө аракет кылышкан«Биз Амирчикти өлкөгө кайтардык» — орусиялык композитор Виктор ДробышЯпония Кыргызстанга 3,5 млн долларлык жол куруу техникасын берет2027-жылдан тарта Кыргызстанда инфляцияны ооздуктоо боюнча мамлекеттик программа иштей баштайтАчык аба ырайы жана +23°Cге чейин жылыйт: 20-октябрга карата аба ырайы
Бишкекте 13 жашар бала бийиктиктен секирип көз жумду
01.08.2022 | 21:13
Бишкекте 13 жаштагы бала Репин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кетти. Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, билдирүү 102 кызматына 30-июль күнү түшкү саат 11лер чамасында келип түшкөн.
Окуя болгон жерге Ленин райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу барган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ошол эле күнү күндүзгү саат 10дор чамасында 2009-жылы туулган А.Э., көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынын терезесинен кулап кеткен. Алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.
Бул факт катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар