Асеин Исаев Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси болуп дайындалдыКыргызстанда климаттын өзгөрүшүнүн ден соолукка таасири талкууландыИдрис Кадыркулов Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматынан бошотулду17-ноябрда интернеттин өчүшү жана эсептердин нөлдөнүшү: эксперт эмне дейт?Алыскы Зардалыга баруучу унаа жолду кеңейтүү жана асфальттоо иштери улануудаNvidia компаниясынын жетекчиси Женсен Хуанг жаңжалдын фонунда кызматтан кетти
Бишкек: Акча алмаштыруучу жайларда доллар дээрлик жокко эсе
01.08.2022 | 22:15
Акча алмаштыруу жайларда накталай доллардын жетишсиздиги байкалууда. Америка валютасынын тартыштыгы өткөн аптада боло баштаган.
Моссоветтеги көпчүлүк акча алмаштыруучу жайларында доллар сатылбай жатат. Кээ бир кассалардан майда купюраларды жана мөөр басылган банкнотторду табууга болот.
Мындан тышкары, айрым алмаштыруучулар долларды 85 сомдон сатып алууну сунуштап жатышат.
Белгилеп кетсек, коммерциялык банктарда накталай доллардын тартыштыгы акыркы бир нече айдан бери байкалган. Буга байланыштуу алар накталай долларды алуу боюнча комиссия жана аларды сатып алууга чектөө киргизишкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика