Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Мурдагы муфтийдин иши: Максат Токтомушев акчаны кайтарды
02.08.2022 | 09:20
Мурдагы муфтий Максат ажы Токтомушев ажылык сапарга бара турган жарандардын колдонулуп кетти делген акчаларын толук кайтарып берди. Бул тууралуу Reporter.kg’ге муфтияттан билдиришти.
Муфтияттын басма сөз кызматы Максат Токтомушев каражат толук кайтарылганын билдирип, бирок так суммасын атаган жок.
“Мурдагы муфтий Максат ажы Токтомушев бардык каражаттарды толук кайтарып берди”, – деди ал.
Эскерте кетсек, Максат ажы Токтомушев 2021-жылдын 10-февралында УКМК тарабынан кармалган. УКМК ал ажыга бар турган адамдар төккөн каражаттарды колдонууга байланышкан каржы мыйзам бузууга шектелип кармалганын билдирген. 12-февралда ал үй камагына чыккан.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом