Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Кыргызстан россиялык туристтер көп каттаган өлкөлөрдүн катарына кирди
02.08.2022 | 08:59
Кыргызстан россиялык туристтер эң көп учкан өлкө болууда. Бул тууралуу темир жол жана аба каттамдарына билет саткан «Туту.ру» сервисинин маалыматында айтылат.
Быйылкы жайда чет жерге саякаттоого бара жаткан россиялык туристтердин 17,9%га жакыны Кыргызстанга барууга билет алган. Кыргызстанга билет баалары былтыркыга караганда 21%га кымбаттап, орточо 10,5 миң рубль болгон.
Ошол эле учурда Тажикстанга барууну каалаган россиялыктардын саны Кыргызстандыкынан кем калбайт. Тажикстанга билет баасы былтыркыга салыштырмалуу 49%га арзан болуп, 10,1 миң рублды түзгөн.
Россиялыктар эс алууга барган өлкөлөрдүн катарында Армения, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан и Беларусь, Грузия, Израиль жана Түркия бар.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом