Кыргызстандык таэквондочулар дүйнөлүк мелдеште 6 медаль жеңди

Кыргызстандык таэквондочулар дүйнөлүк мелдеште 6 медаль жеңди

Таэквондо ITF боюнча курама команда Дүйнө биринчилигинде 6 медаль жеңди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, таэквондо ITF боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү 29-31-июль күндөрү Амстердам шаарында (Нидерланды) өткөн дүйнө чемпионатынан жалпы 6 медаль менен кайтышты. Анын ичинен экөө алтын, төртөө күмүш медаль.

“12-13 жаштагылар арасында 45 кг салмак даражада Диана Ким жана 14-17 жаштар арасындагы 60 кг салмакта Искак Аскарбеков 1-орунду ээлешти. Өспүрүмдөр арасында 50 кг салмак даражада Владимир Хегай күмүш медаль, ал эми чоңдор арасында Айканым Асаналиева (50 кг), Алтынай Рыскулова (55 кг) жана эркектер арасында Артем Прибытков (76 кг) күмүш медалдын ээлери болушту”, — деп айтылат маалыматта.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: таэквондо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>