Өкмөт ломбарддардын ишин уюштуруунун жаңы талаптарын бекиттиМанас шаарында “Фуркан” диний кыймылынын 20 мүчөсү кармалдыТоолуу райондорго кар көчкү түшүүсү күтүлөтБишкекте Кыргызстан менен АКШнын сүйлөшүүлөрү өтүүдө. Эмне талкууланып жатат?Бишкекте жеке менчик автомектептин жетекчиси бир айга камалдыОш облустук төрөт стационары 87,9 млн сомго капиталдык оңдоодон өттү
Бишкекте 10-августта Eagle FC 49 мелдеши өтөт
04.08.2022 | 18:13
Бишкек шаарында 10-августта Eagle FC 49 мелдеши өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Бул мелдеште 14 беттеш өтөт. Анда башкы таймаштардын бири “Алай” аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулунун орусиялык “Ахиллес” Расул Магомедовго каршы беттеши болот. Кыргызстандык мушкер орто жеңил салмактагы чемпиондук курун коргойт.
Мелдешке ардактуу конок катары UFCнин мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов жана “Хасбик” каймана аты менен таанымал дагестандык блогер Хасбулла Магомедов келет.
Таймаштар Бишкектеги “Бишкек арена” муз аянтчасында өтөт.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом