Жалал-Абаддагы аэропорт көчүрүлөт

Жалал-Абаддагы аэропорт көчүрүлөт

Жалал-Абаддагы аэропорт көчүрүлөт. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык облус башчысынын орун басары Эркинбек Маматаев Туркиянын «Лиманталия Гайрименкул иншаат туризм» компаниясынын жетекчилери менен жолугушкан. Анда саламаттыкты сактоо, курулуш жана туризм тармагында кызматташуу маселелери талкууланган.

«Облус башчысынын орун басары компания башчыларына шаар ичиндеги Жалал-Абад аэропортун көчүрүү пландалып, ал үчүн атайын долбоор даярдалып, жер аянты бөлүнүп жатканын белгиледи. Бул облусту өнүктүрүүдөгү ири демилгелердин бири экенин, аны ишке ашырууга жергиликтүү бийлик ар тараптуу көмөк көрсөтөрүн кошумчалады», — деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары облустук оорукананын төрөт бөлүмүнө кошумча имарат куруу, шаар тазалыгын сактоо үчүн таштандыны кайра иштетүүчү завод салуу сунушу айтылган. Ошондой эле Жалал-Абад курортуна асма жол куруу долбоору сунушталган.

Жолугушуудан кийин туркиялык инвесторлорго Сузак районунун Ленин жана Көк-Арт айыл аймагынан аэропорт курулары пландалып жаткан 270 гектар жер аянты көрсөтүлгөн. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алдыда тандалган жердин авиация тармагында иштетүү, коопсуздук маселелери тийиштүү кызматтар тарабынан текшерилери белгиленди.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>