Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 20 миллион долларлык валюталык облигацияларды чыгарарын жарыяладыReporter.kg VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү макамын алдыСадыр Жапаров менен Тажикстандын премьер-министри эки өлкөнүн кызматташуу маселелерин караштыНарын облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2,5 эсеге өстүБишкекте «Ай, да Масленица!» аталышындагы майрамдык сейилдөө өтөтПрезиденттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү алмашты
Банктар долларды накталай акчага айландырууда 5% комиссия алууда
08.08.2022 | 12:58
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш коммерциялык банктарда доллар менен еврону накталай акчага айландырып берүүдө комиссия эмнеге кымбаттаганын түшүндүрүп берди.
Анын айтымында, мурда доллар негизинен Россиядан арзан комиссия менен алынып келчү. Россияга санкциялар киргизилгенден кийин кыргызстандык банктар долларды башка жактардан алып келүүдө.
Ага байланыштуу чет элдик валютаны алып келүүгө кеткен чыгашасын жабуу үчүн доллар менен еврону накталай акчага айландырууда комиссия кымбаттаган.
Ал билдиргендей, учурда коммерциялык банктар долларды накталай берүүдө 0,4%дан 5%га чейин комиссия алууда.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом