Россияда каза болгон кыргызстандык эки жигиттин аты-жөнү такталды

Россияда каза болгон кыргызстандык эки жигиттин аты-жөнү такталды

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москванын Люблино районунда каза болгон адамдардын экөө кыргызстандык экендигин тастыктады.

Учурда алардын аты-жөнү такталды. Каза болгондордун бирөө 20 жаштагы Б.К.уулу жана экинчиси 23 жаштагы К.Б.уулу болуп чыккан.

«Ишти аткарууда коопсуздук эрежелерин бузуу фактысы боюнча Россиянын Москва шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын Тергөө комитетинин Люблино райондор аралык тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду», — деп билдирет элчилик.

Окуя жерине элчиликтин юристи барган. Учурда элчилик каза болгондордун жакындарын аныктоо боюнча ыкчам иштерди жүргүзүп жатат.

Эскерте кетсек, 7-августта  Москванын түштүк-чыгышындагы райондо канализациялык шахтада катуу жандан кийин топтолуп келген сууга агып Кыргызстандын 2 жана Тажикстандын 1 жараны каза болгон.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>