Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода Бишкекке келди
13.02.2026 | 09:51

Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жумушчу сапары менен Кыргызстанга келди.
Өкмөттүн маалыматында, аны «Манас» эл аралык аэропортунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Сапардын алкагында Бишкек шаарында кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйыны өтөт. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюу пландалууда.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөт башчылары борбор калаадагы инфраструктуралык ишканаларга барышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат