Финансы министрлигинде эмгек акы төлөө системасын реформалоо маселеси талкууландыПрезидент Садыр Жапаров Элдик Курултайдын датасын өзгөрттүАлматыда Борбор Азия өлкөлөрү айлампа экономика маселелери боюнча жыйын өткөрдүСигэру Исиба башында турган жапон өкмөтү бийликтен кеттиСокулукта энесине зомбулук көрсөткөн жаран кармалдыАлдамчылыкка шектелген адвокат кармалды
Сулайманов браконьерлер салган торлорду тазалоого өзү киришти (видео)
09.08.2022 | 20:44
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов бүгүн, 9-август күнү Ысык-Көлдөн балык кармоо үчүн браконьерлер салган торлорду тазалоо үчүн кам көрүп жаткан видеосун өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
“Бүгүн көлүбүздү браконьерлер салган торлордон тазаладык. Балыктарды коргоо жана аларды көбөйтүү баарыбыздын колубузда. Ысык-Көлүбүзгө таазим кылып,жаратылышын көздүн карегиндей сактайлы“- деп жазды.
Видеодо көрүнүп тургандай облус башчысы торлорго илинип калган тирүү балыктарды сууга коё берип, өлүп калган балыктарды жыйнап жатышты.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар