Бусурманкул Абдибаит уулу чемпиондук наамынан ажыратуу боюнча комментарий берди

Бусурманкул Абдибаит уулу чемпиондук наамынан ажыратуу боюнча комментарий берди

Аралаш мушташ боюнча кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу Eagle Fighting чемпиондук курунан ажыратылган. Бишкекте өткөн маалымат жыйынында мушкер кырдаал боюнча түшүндүрмө берди.

«Жагдай ошондой болуп калды. Мен актанбайм. Бул спортто баары болушу мүмкүн. Эң негизгиси, алдыдагы оюндарды сактап кала алдык. Балким, келечекте башка салмак категориясына өтүп кетем. Муну биздин команда менен талкуулайбыз», — деди ал.

Таразага түшүүдө Бусурманкул Абдибаит уулунун салмагы жарым жеңил салмак (65,8 кг) категориясынан 1,4 килограммга оор болуп калгандыктан, лиганын эрежесине ылайык ал чемпиондук курунан ажыратылган.

Эскерте кетсек эртең, 10-августта Бусурманкул Абдибаит уулу россиялык мушкер Расул Магомедовге каршы беттеште чемпиондук курун коргомок. Кыргызстандык мушкер чемпиондук курунан ажыратылганына карабай, таймаш өткөрүлөт жана ал титулдук деп эсептеле берет.

Бусурманкул Абдибаит уулу Eagle FC’нин чемпиондук курун былтыр Ысык-Көлдө өткөн мелдеште россиялык Руслан Яманбаевден тартып алган.

Маалым болгондой, “Eagle FC 49” турнири 10-августта Бишкекте өтөт.

Турнирдин коноктору — UFCнин чемпиону Хабиб Нурмагомедов жана «Хасбик» каймана аты менен таанымал, дагестандык блогер Хасбулла.
Турнирде орто жеңил салмак боюнча «Алай» аты менен таанымал Бусурманкул Абдибаит уулу менен орусиялык «Ахиллес» Расул Магомедов таймашат. Беттеш «Бишкек Аренада» саат 18:00дө башталат.

Билеттер www.kassir.kg сайтында сатыкта. Бардык жаңылыктар Телеграм каналда…

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>