УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстандан чыгып кеткени айтылдыОкуучулар мартта 3 гана күн эс алышат. Министрлик себебин түшүндүрдүЧоң-Кеминдеги талаадан уча албай калган ак куу табылдыКыргызстанда «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемеси түзүлдүКыргызстанда ветеринардык дары-дармектерди каттоодо кагаз документтердин ордуна QR-коду бар электрондук сертификаттар бериле баштайт«Баткен таңы» редакциясынын имараты мамлекетке кайтарылды
Asiamall’догу граната ишкер Илгиз Шаменовдун унаасынан табылган – видео
11.08.2022 | 17:08
Asiamall соода борборунда табылган граната ишкер Илгиз Шаменовдун унаасына коюлган. Бул тууралуу ал журналисттерге айтып берген.
Анын айтымында ал Asiamall’го соода кылууга келип, унаасын унаа жуучу жайга токтотуп койгон. Гранатаны унааны жууп жатканда табышкан.
“Унааны жууп жатканда зым салаңдап калыптыр. Айдоочумду жөнөтсөм, алдында граната байланыуу экен деди. Дароо милицияны чакырдык”, – деди ал.
Эскерте кетсек, Бишкектеги Asiamall соода жана оюн-зоок борборунун имаратына бомба коюлганы тууралуу билдирүү милицияга бүгүн саат 13:56да келип түшкөн. Окуя жерине милиция, УКМК жана тез жардамдын кызматкерлери барган. Соода борборунун ичиндеги кишилер сыртка чыгарылып, анын айланасы курчоого алынган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда