Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Аба ырайы: Эртең тоолуу райондордо жаан жаайт
11.08.2022 | 16:52
Эртең, 12-августта Кыргызстанда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32,
Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36,
Нарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +29…+31 градус болот.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом