Бишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылатДепутат Дастан Бекешев ОРТ баасынын жогорулашын сынга алды
Кыргызстан менен Азербайжан соода тармагында кызматташат
16.08.2022 | 14:32
Кыргызстан менен Азербайжан 16-августта өкмөттөр аралык комиссиянын төртүнчү жыйынында кызматташуу маселелерин талкуулай турганын Экономика министрлиги билдирди.
Отурумду Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Азербайжан Республикасынын премьер-министринин орун басары Али Ахмедов алып барышат.
“Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын күн тартибинде эки тараптуу кызматташуунун эң актуалдуу маселелери: соода–экономикалык, эмгек, социалдык жана миграциялык чөйрөлөрдөгү, инвестициялык кызматташуу, айыл чарба, транспорт, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо жана башка бирдей маанилүү тармактар бар”, – деп айтылат маалыматта.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика