Ысык-Көлдө дем алыш күндөрү 26 мас айдоочу кармалды

Ысык-Көлдө дем алыш күндөрү 26 мас айдоочу кармалды

Ысык-Көлдө кызматтык унаалардын айдоочулары тарабынан жол эрежесин бузуунун алдын алуу боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, рейддин алкагында облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери мас абалда унаа башкарган айдоочуларды аныктоо, мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын кызматтык унааларын өз максатында колдонууга, ошондой эле жол эрежелерин сактоого өзгөчө көңүл бурушту.

«12-августтан 14-августка чейин өткөн рейддин жүрүшүндө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча инспекторлор тарабынан жалпысынан 307 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталган, анын ичинен 26 айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы тастыкталган», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, облустун мамлекеттик органдарынын жана уюмдарынын 20 кызматтык унаалардын айдоочулары жоопкерчиликке тартылды.

Уч күндүк рейддин жүрүшүндө жол эрежелеринин талаптарын бузгандыгы үчүн айдоочуларга жалпы 789 миң сом айып салынды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ысык-Көл

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>