Ноокен районунда жеңил унаа каналга түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бүргөндү айыл аймагынын Ак-Бата айылынын чоң суу каналына “Мазда 626” үлгүсүндөгү жеңил унаа түшүп кеткен. Жабыркагандар жок.
Жерине 3 куткаруучу тартылып, унаанын ээси тарабынан эвакуатор чакыртылып, куткаруучулар менен биргеликте чыгарышкан.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда