Бишкекте 45 млн сомдук баңгизат менен Ирандын жараны кармалды

Бишкекте 45 млн сомдук баңгизат менен Ирандын жараны кармалды

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө «метамфетамин» баңгизат каражатын сатып жаткан жеринен чет өлкөлүк жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Иранда өндүрүлгөн ири өлчөмдө бангизат каражаттардын туруктуу транзит каналын тапканга жана бөгөт коюуга багытталган атайын операциясын ийгиликтүү өткөрүштү. Аталган баңги топтун баңгизат каражаттарды жеткирүү маршруту Ирандан башталып андан ары Афганистандан Тажикстандан өтүп, Кыргызстанга жеткирилген.

Ушул жылдын 8-августунда Бишкек шаарынын Ш.Руставели көчөсүндө, КЖКнын 282-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган сотко чейинки козголгон өндүрүштүн алкагында атайын-тергөө иш-чараларды өткөрүү учурунда өзгөчө ири өлчөмдө «метамфетамин» баңгизат каражаты алынган, тактап айтканда кристалдашталган ак түстөгү 20 брикет.

Алынган «метамфетамин» баңгизат каражаттын жалпы салмагы 10 кг түзгөн. Анын “черный рыноктогу” 1 граммдын баасы 4500 сомду түзөт.  Алынган жалпы баңгизат каражаттын суммасы 45 млн сомду, ал эми КРнын Улуттук банкынын курсу боюнча 500 миң доллардан ашык түзөт.

Бул факт боюнча Ирандын Урмия шаарынын тургуну F.K.D. кармалган. Учурда козголгон сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмышка тиешелүү жактарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Криминал
Тэги: баңгизат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>