Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Ошто зордукталган өспүрүм кыз көз жарды
20.08.2022 | 14:26
Ош облусунун Ноокат районунда өспүрүм кызды зордуктоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу маалыматты облустук милициядан тастыкташты.
Маалыматка караганда, 16-августта Ноокат районунда ооруканалардын биринде 2006-жылы туулган кыз көз жаргандыгы тууралуу маалымат райондук ички иштер бөлүмүнө түшкөн. Мындан улам милиция иликтөө иштерин жүргүзүүнү баштаган. Териштирүү иштеринен кийин зордуктоого шектүү делип, жергиликтүү тургун кармалган.
«Аталган факты милицияга катталган. Окуяны Ноокат РИИБдин тергөөчүсү тергеп жатат. Иш прокуратуранын көзөмөлүндө. Шектүү милиция бөлүмүнө жеткирилип, сурак берип жатат»,— деп билдиришти милициядан.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом