Кыргызстанда туризм тармагындагы айлыктар 4 жылда дээрлик үч эсеге өстүБишкектин Ала-Тоо аянтында массалык мушташкан өспүрүмдөр кармалдыБишкекте $80 миң байге фонду менен UmutDoc кинофестивалы өтөтКыргызстанда абанын булганышына мониторинг жүргүзүү үчүн жаңы метеорологиялык жабдык ишке кирдиКыргызстандыктардын кирешеси 2026-жылдын биринчи чейрегинде 18,7%га өстүПрофилге чейинки даярдоо: 8-класстар үчүн «Гуманитардык навигатор» программасы киргизилет
Арызыңарды жаза бергиле! Президент чиновниктерге эскертүү берди
20.08.2022 | 16:39
Президент Садыр Жапаров министрлик жана ведомстволордун санарипке өтүү темпи жай жүрүп жаткандыгына нааразы.
Мамлекет башчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирүү калтырып, анда чиновниктерге эскертүү берди.
“Санарип министрине бир жылдык мөөнөт берилип, “Бардык министрликтерди жана мамлекеттик мекемелерди санарипке өткөрөсүң” деген милдеттеме коюлган. Жарым жыл өттү. Таблицада көрүнүп тургандай кайсыл министрлик толук маалыматтарын 1-сентябрга чейин бербесе, 2-сентябрь күнү өз каалооңуздар менен арызыңарды жазып келе берсеңер болот. Санарипке өтүүнү каалабаган министрлик же мамлекеттик мекемелер коррупциялашкан мекемелер. “Мурдагыдай эле кагаз менен иштеп, уурдап жашай беребиз” дегендер деп билебиз”, – деп жазган Садыр Жапаров.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом