Ноокатта экстремизмди жайылткан жигит кармалды

Ноокатта экстремизмди жайылткан жигит кармалды

Ноокат районунда социалдык тармактарда экстремисттик уюмдардын материалдарын жайылтып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 4-август күнү Ноокат РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Ноокат районунун аймагында атайын жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, Ноокат районунун 22 жаштагы тургуну А.А., аттуу жаран социалдык тармактар аркылуу өзүнө таандык болгон бир нече атайын даярдалган фейк аккаунттар аркылуу Кыргызстандын аймагында тыюу салынган экстремисттик уюмдарга тийиштүү аудио жана видео роликтерди социалдык тармактар аркылуу пропагандалап жана жайылтып жүргөндүгү аныкталган.

Аталган факт боюнча топтолгон материалдар Ноокат РИИБдин маалыматтык электронуна катталып, Кылмыш жаза кодексинин 332-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.  Тергөө амалдарын жүрүшүндө шектүү катары А.А., аттуу жаран Ноокат РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>