Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Эс алууга кеткен. Таласта 15 жаштагы кыздын сөөгү табылды
22.08.2022 | 15:10
Таласта дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 21-август күнү Манас районунун Бала-Саруу айылында токойго эс алууга чыккан 15 жаштагы М.М. аттуу кыз дайынсыз болуп жаткандыгы жана уюлдук телефону токойду аралап өткөн Талас суусунун жээгинде табылгандыгы тууралуу маалымат ӨКМдин 112 кызматына түшкөн.
Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө саат 07:20да Манас райондук №100 ӨКБдан 19 куткаруучу, ИИМден 38 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 45 адам тартылып, натыйжада саат 08:45те Талас суусунун жээгинен аталган жарандын жансыз денеси табылган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом