Орусиядагы кырсык: Акылбек Жапаров көңүл айтты

Орусиядагы кырсык: Акылбек Жапаров көңүл айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин жана жеке өзүнүн атынан Россия Федерациясынын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Бүгүн сиздер менен жалпы кыргыз эли аза күтүүдө. Ар бирибиз бул суук кабарды жан кейип кабыл алдык. Ошондой эле биздин  ой-санаабыз жана тилегенибиз учурда өмүр үчүн күрөшүп ооруканада жаткан үч жабырлануучуда. Аза кайгысын тең бөлүшүп, Министрлер Кабинети каза болгондордун жана жабыркагандардын үй бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтөрүн жана курман болгон мекендештерибиздин сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн бардык аракеттерди көрөрүн белгилеп кетким келет», — деди Министрлер кабинетинин башчысы.

Россиянын Ульяновск облусунда үрөй учурган жол кырсыктан 16 адам каза болду. Алардын 14ү Кыргызстандын жарандары. Каза болгон мекендештердин аты-жөнү такталды.

Садыр Жапаров Кыргызстанда 23-августту Аза күтүү күнү деп жарыялады. 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>