Боксчу Дмитрий Биволго Бишкектен батир белекке берилди

22.08.2022 | 17:48

Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Байсалбек Эргешов WBA версиясы боюнча жеңил салмактагы чемпион Дмитрий Биволго борбор калаадан эки бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу активист Мурат Соорбеков билдирди.

«Экс-депутат мушкерге батирдин ачкычын кичи мекенинде үйү болсун жана Кыргызстанга тез-тез келип турсун деп тапшырды», – деди ал.

Дмитрий Бивол кыргызстандык, орусиялык мушкер. Ал Кыргызстанга Ысык-Көл районунун Тамга айылындагы машыгуу сборуна учуп келген.

[image_carousel source=”media: 150552,150553,150554″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Буга чейин Дмитрий Биволго «Токмок шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылганын шаардык кеңештин депутаты Чолпон Сыдыкова билдирген. 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Scroll to Top